Саясатчы Равшан Жээнбеков ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
«Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон Равшан Джеенбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча шектелип, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан азыр кармалды. Аталган комитет кечээ, 22-октябр күнү, түзүлгөн.
Анын мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн эмес, болгону аталган маселенин айланысында биригели деп чечишкен. Алар коомдук жайда, ачык эле чогулушушкан. Себеби Кыргыз Республикасынын 36-беренесине ылайык ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу», — деп жазат жактоочу.