Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын 2022-жылдын 9 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 20-октябрь күнү Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу ыкчам-кеңешме өткөрүлдү.
2022-жылдын 9 ай ичинде Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын облустук прокурору Алтынбек Аттокур уулу, Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков жана орун басарлары, башкармалыктын тармактык кызмат жетекчилери, Нарын ШРИИБнүн башчылары, орун басарлары жана тармактык кызмат жетекчилери катышты.


Алгач сөз облус жетекчисине берилип, анда Нарын милициясы облус аймагында коомдук коопсуздуктун жана кылмыштуулуктун алдын алууда кошкон зор салымдары, аткарылып жаткан иштерге, жетишкендиктерге жана 9 ай ичиндеги көрсөткүчтөргө кененирээк токтолуп, өз баасын берип өттү. Алдыда келе жаткан Кыргыз милициясынын 98 жылдыгы менен кызуу куттуктап, Нарын облусундагы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан милиция бөлүмдөрүн материалдык-техникалык камсыздоого акча каражатын бөлдүрүп берерин кошумчалады.


Ыкчам кеңешмеде Нарын ОИИБнын 2022-жылдын 9 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандарды кабыл алуу, алар тараптан түшкөн арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү кароо тартиби тууралуу маалымат берилип, 9 ай аралыгында кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча да баса белгиленди.


Иш-чаранын жыйынтыгында Нарын ОИИБдин начальниги Алмазбек Жумабеков өздүк курам арасында тартип маселеси, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана ар бир ишке так жоопкерчиликтүү болууну, милициянын көчмө кабылдамасы менен тынымсыз иш алып барууну, жарандардын арыз-даттануууларын тыкыр көзөмөлгө алып, эл менен тыгыз иш алып барууну жана элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүп, ар бир кылмыштардын, кырсыктардын алдын алууда ыкчам иш-аракеттерди көрүүнү баса белгилеп, жалпы жыйынга катышкан кызматкерлерге иштерине ийгилик каалады.

WhatsApp Image 2022 10 21 at 07.48.30 Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын 2022-жылдын 9 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы