Улан Примов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Анын комитеттин жетекчиси кызматына 70 депутат “макул”, бирөө “каршы” деген добуштарын берди.
Примов Алай округунан шайланып келип, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу.
Бүгүн түштөн кийин Айдарбековго ишеним көрсөтпөө менен комитет төрагалыгынан артка чакыртып алуу сунушу добушка коюлган. Анда 42 депутат “макул”, 17си “каршы” добуш берген. Спикер Нурлан Шакиев ал төрагалык орундан чакыртылды деп жарыялаган.