Жусупбек Коргонбай уулу мас абалында унаа айдаган унааларды конфискациялоону сунуштады

Бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында депутаттар Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулады.

Анын ичинде документте Жол эрежесин одоно бузган айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратуу каралган. Ички иштер министрлиги да жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулду көбөйтүүнү көздөөдө.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мас абалында унаа айдаган унааларды мамлекеттин пайдасына конфискациялоону сунуштады. Ал ошондой эле автомектептерге көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов 2022-жылдын февраль айынан тарта автомектептер күбөлүктөрдү өз бөлүмдөрү аркылуу алышат деп жооп берди.

«Буга чейин автомектептерге лицензия берүү менен Билим берүү министрлиги алектенсе, азыр бизде. Кыргызстандагы бардык автомектептер текшерилди. Азырынча аларды эч ким текшере элек. Лицензияны Билим берүү министрлиги, ал эми укукту Мамлекеттик каттоо кызматы берген. Азыр атүгүл автомектептерге баруусу да текшерилип жатат. Ошондуктан 33 автомектеп жабылды, калгандары иретке келтирилди», – дейт Азамат Исраилов.

Эске салсак, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан. Айдоочулар катуу жоопкерчиликке тартылышат. Мас абалында кайталап жол кырсыгы катталып, адамдар жапа чеккен учурда соттун чечими боюнча транспорт каражатын алып салуу менен өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган.