14-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде Кыргыз Республикасынын президентине ачык кат жарыяланып, анда бир катар «Кыргызстандын саясатындагы, маданиятынын, илиминин, маалымат каражаттарынын жана спортунун белгилүү ишмерлери, ошондой эле коомдук жана жарандык активисттер “Клооп”, “Азаттык” жана Kaktus.media эркин басылмаларын жабуу өтүнүчү Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алардын айтымында, бул маалымат каражаттары башка мамлекеттер тарабынан каржыланып, ошол себептен Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген материалдарды жарыялоодо.
Булак.kg редакциясы бул боюнча текшерүү жүргүзүп, көрсөтүлгөн адамдардын баары катка чындап кол койгон-болбогонун аныкташты.
Эске салсак, буга чейин депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардан кол топтоп жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев телеграм каналында билдирди.
Бекешев Нарматованын кайрылуусунда «президент “Клооп”, “Азаттык”, “Кактусту” жабышы керек» деп жазылганын билдирди.
Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деген пикирин «Клоопко» билдирген.