14-октябрь күнү жергиликтүү ММКлардын биринде КР президентине жазылган ачык кат жарыяланды. Анда бир катар Кыргызстандын “белгилүү саясат, маданият, илим, ММК жана спорт ишмерлери” өлкө башчы Садыр Жапаровго көз карандысыз “Клооп”, “Азаттык” жана “Kaktus.media” сайттарын жабуу өтүнүчү менен кайрылышты.
Алардын айтымында аталган ММКлар башка өлкөлөр тарабынан каржылангандыктан Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген маалыматтарды чыгарып келишет.
Bulak.kg редакциясы фактчек аркылуу чынында эле ушул адамдар катка кол койгон же койбогонун аныктады. Ошондой эле, журналисттер бул кыймылга аларды эмне түрткөнүн жана анын демилгечиси ким экенин кызыгып сурап көрүштү.
Респонденттердин айрымдары катка кол койгонун журналисттерден укса, айрымдары кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми арасынан кээ бирлери катка өздөрү кол койгонун тастыкташты. Кол койгон адамдардын көбү телефон аркылуу байланышканыбызда өтө агрессивдүү сүйлөп, тартипке жатпаган басым менен жооп берип жатты.
Биз эч нерсеге кол койгон эмеспиз!
7 адам катка кол койгону тууралуу журналисттерден биринчи угуп, таң калышты.
Торобай Колубаев, жарандык активист: Каяктагы кат? Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин. Менин ордума башка бирөө коюп койгон окшойт. Аларды колду жасалма койгону үчүн сотко берсе болот. Көз карандысыз ММКларды оппозициялык маанайда жазганы үчүн эле жабууга болмок беле? Бул туура эмес, уялыш керек. Мындай нерсе Конституциянын мыйзамдарында жок.
Бул сыяктуу кадамдар резонанстуу болуп бизге тышкы саясатта абройду бербейт. Эгер сен коомдук адам болсоң, анда бардыгына чыдашың керек болот. Элдин камын көрөм деген, жоопкерчиликти алган адам мындай кадамга барбашы керек, ал эски замандагыдай журналисттердин колун кайрыбай сынга чыдашы абзел. Менин ордума кол койгондорду сотко бере алам. Шылуундар!
Самара Токтакунова, КРнын эл артисти: Мен ал кагазга кол койгон эмесмин. Мага ал тууралуу эч ким айткан эмес, учруда чыгармачылык менен гана алекмин. Менин фамилиямды жөн жерден эле кошуп коюшкан окшойт. Мен ал кабарды жада калса окуган да жокмун.
Бахтияр Кадыров, ЖКнын экс-депутаты: Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билбей турам. Кайдагы кат? Мен эмне болуп жатканын аныктап көрүп сиздерге байланышка чыгам.
Bulak.kg журналисти анын WhatsApp номерине каттын текстин жөнөткөндө Бахтяир Кадыров окуганы менен жооп берген жок.
Кумарбек Мейманкулов, коомдук ишмер: Мен бир тойдо Нургазы (Анаркулов – “Майдан” гезитинин редактору) менен отурганда аларды (Азаттык, Клооп, Кактус) жаба турганын айткан. Ага мен жаба албайсың десем, ал колунан келе турганын айтып, мага кол коюп бересиңби деп сураган. Мен ошондо макулдугумду бергем. Бирок, мен кайрылуунун текстин көргөн эмесмин, ал (Нургазы) да мага көрсөткөн эмес. Ыңгайсыз абал жаралды. Досторум жана башка канча деген адам мага чалып нааразылыгын айтышты. Мен аны менен талашып жатканда кол коюп берем дегеним чын, бирок эч нерсеге кол койгон эмесмин.
Bulak.kg журналисти: Демек, демилгечи Нургазы Анаркуловбу?
Курманбек Мейманкулов: Балким, бирок так маалыматым жок. Биз бул тууралуу сүйлөшүп жаткан кезде ал менин атымды тизмеге кошуп койгон. Мен бул нерсе мынчалык резонанс жаратарын билген эмесмин.
Мен өлкөдө сөз эркиндиги болушу керек деп эсептейм. Өзүм КТРКнын гезитинде иштегем, анан кантип сөз эркиндигине каршы чыгам? Азаттык сыяктуу басылмалардан жада калса алтоо болсун. Ошондо атаандаштык болот.
Равшан Сабиров, ЖКнын экс-депутаты: Мен бул тууралуу эч нерсени билбейм. Эч кандай кагазга кол койгон эмесмин (Политклиника сайтына берген интерьюсунда).
Шүкүрбек Эркебаев, коомдук ишмер: Мен эч кандай кол койгон эмесмин (Политклиника сайтына берген интерьюсунда).
Дарика Жалгасынова, КРнын эл артисти: Мен искусствонун адамы катары саясатка аралашпайм. Азыр ооруп жатам. Мага өтө сыйлуу бир адам байланышып, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеген адамдар болуп жатканын айтып, кайсы бир кагазга кол коюш керек экенин айкан. Мен ага анчалык деле маани берген эмесмин, ал адамдын сөздөрүнө ынануу менен макулдугумду берип койгом. Эгер ал кайрылууда сөз эркиндигине каршы пункттар болсо, ага макул эмесмин. Сөз эркиндиги – жалпы Кыргызстан сыймыктанган биздин негизги жетишкендигибиз.
Комментарий бербейм! – дегендер
Сурамжылоого алынгандардын бир бөлүгү комментарий берүүдөн баш тартты.
Болот Тентимишев, КРнын эмгек сиңирген артисти: Комментарий бербейм. Эмки жумада жолугалы, ошондо айтып берем. Бирок, мен сөз эркиндигине каршы эмесмин, ал бизге керек.
Эсенгул Исаков, ЖКнын экс-депутаты: Ааа, ооба, мен сизди түшүндүм. Жооп бербей эле койсом болобу? (телефонду коюп салды)
Сергей Бардаков, Ч.Айтматов атындагы орус драмтеатрынын директору, маданияттын отличниги: Кечиресиздер, сураныч комментарий бербей эле коеюн (андан ары жооп бербей койду)
Галина Кетова, КРнын эмгек сиңирген артисти суроону угуп унчукпай коюп, кийинчерээк жооп берерин айтканы менен, жооп берген жок.
Шамшыбек Медетбеков, ЖКнын экс-депутаты: Ооба, катка кол койгом. Эмнеге? Мен буга комментарий бербейм.
Кол койгондор: Жаагыңарды жаап, папуастай сайып өлтүргүлө!
Респонденттердин бир бөлүгү катка кол койгонун мойнуна алышты. Көбү телефондон агрессивдүү жооп берип, журналистке сенсиреп, ыгы жок сөздөрдү айтып жатышты.
Асылбек Өзүбеков, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрынын директору: (Азаттык, Кактус же Клооптун журналисттери чалып жатат деп ойлоду окшойт) Туура эмес жазып жатасыңарбы?! Анда жабылгыла! Жаагыңарды жаап отура бергиле да! Мен эмнеге кол койгонум менен эмне ишиңер бар? Сен анын себебин билип алып эмне кыласың? Сенин эмне кызыкчылыгың бар?
Bulak.kg журналисти: Биз Bulak.kg редакциясыбыз. Катка кол койдуңуз беле же жокпу, ошону билели дегенбиз.
Асылбек Өзүбеков: Ооба, кол койгом! Анын эмнеси бар экен?
Bulak.kg журналисти: Сиз өзүңүз мурда Азаттыкта иштебедиңиз беле?
Асылбек Өзүбеков: Ооба, кезинде иштегем. Анын эмнеси бар экен? Американын акчасын алып, ошолордун сөзүн сүйлөп жаткандарга эмне дейсиң? Сен аны билип алып эмне кыласың?
Bulak.kg журналисти: Ким демилгечи болчу?
Асылбек Өзүбеков: Демилгечинин эмне тиешеси бар буга? Эмне кылышты өзүбүз чечебиз. Качантан бери мага бирөө эмне кылышты айтып калыптыр. Сен да ушактын артынан издеп жатпайсыңбы (телефонду коюп салды).
Бекболот Талгарбеков, экс айыл-чарба министри: Кол койгом. Себеби, Азаттыкка жарым жылдан бери кыжырым кайнап жүрөт. Анткени алар орус-украин согушун бир тараптуу көргөзүп келе жатат. Украина менен батышты жактап, орустарды мазактап жүрөт. Кыргыз бийлиги нейтралдуу позицияны ээлейбиз деп жарыя кылган. Ошону сыйлаш керек болчу. Андай кылбай, орустарды мазактап келе жатышат. Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Бир миллиондон ашык мигрантыбыз ошол жакта жүрөт. Ошого жаным кашайып, жиним келип жүргөм. Муну көргөндө дароо кол коюп койдум. Демилгечини билбейм. Жарандардын арасынан болсо керек.
Bulak.kg журналисти: Кактус менен Клооп боюнча эмнелерди айта аласыз?
Бекболот Талгарбеков: Мен Азаттык дегенди көрүп эле кол койдум. Кактус менен Клоопту билбейм дагы.
Bulak.kg журналисти: Ким демилге көтөрүп чыкты эле? Биз андан комментарий алалы дегенбиз.
Бекболот Талгарбеков: Жакшылап издегиле. Тапсаңар папуастардай кылып сайып өлтүрүп, каргап-шилегиле. Ушул үчөө эле эркин медиа болуп, калганы эркин болбой калыптырбы.
Асан Турсункулов, КРдин эл артисти: Мен кол койгом. Анткени Азаттык өзү чыр-чатакты жакшы көрөт. Өздөрү уюштуруп, өзүнүн кызыкчылыгы жалаң чыр-чатак. Жакшы нерсе жасабайт. Алар менден интервью алып, мен жөнүндө документалдык фильм тартышкан, мен Аскар Салымбеков жөнүндө айткан болчумун. Алар анын фамилиясын чийип салышыптыр. Ал мага жардам берген болчу да, мен ошол жөнүндө айтып берейин дегем. Алар ага өзүнчө акча төлөнүш керек деп туруп алышты. Көрүп атасыңарбы эмне болуп жатканын? Бизнесмен чыгармачыл адамга жардам берет, бирок чыгармачыл киши бул жөнүндө айтып бере албайт. Аларды биздин маданият кызыктырбайт. Ошондуктан мен кол койгонго макул болдум.
Bulak.kg журналисти: Кактус жана Клооп тууралуу эмне айта аласыз?
Асан Турсункулов: Алар тууралуу мен эч нерсени билбейм, болгону Азаттык жөнүндө айтып жатам.
Bulak.kg журналисти: Демилгечи ким болду?
Асан Турсункулов: Мен демилгечини билбейм. Чоң кыз сен аны билип алып эмне кыласың? Сага менин пикиримдин эмне кереги бар?
Болот Жанузаков, КРнын УККнын экс-жетекчиси: Катка мен кол коюп бергем. Анткени туура эмес, чындыкка дал келбеген маалыматты таратууга болбойт деп эсептейм. ММКнын негизги функциясы – элге маалыматты опертивдүү жеткирүү. Ал эми тыштан каржыланган ММКлар буйрук бергендер эмнени айтса ошону эле жазышат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.
Bulak.kg журналисти: Президенттен дароо 3 ММКны жаап салууну сурануу канчалык деңгээлде туура? Мындай иштер сот аткара турган иштердин катарына кирбейби?
Болот Жанузаков, КРнын УККнын экс-жетекчиси: Албетте бул соттун укугу, президент бул 3 сайтты жаап кое албайт. Бирок, мамлекеттик органдарга аларды текшерүүгө тапшырма бере алат.
Дмитрий Орлов, “Стратегия Восток – Запад” аналитикалык борборунун жетекчиси: Ооба, мен кол койгом. Демилгечилерди билбейм, мага сунуш кылганда коюп бергем. Бул менин жеке ишим, демилгечи тууралуу суроону жоопсуз калтырам. Досторум кайрылганда баш тарткан жокмун.
Нуржамал Табалдиева, КРнын эл артисти: Кол койгом, демилгечини билбейм. Бизге жумушка келип эл артисттеринен кол коюп берүүнү суранышты. Мен да коюп бергем. Анктени алар көптөгөн туура эмес маалыматтарды жазып жүрүшөт. Өткөндө алар музейде чыр көтөрүп, бардыгыбызга негативдүү таасирин берген. Менин пикиримди сураганда аларга каршы экенимди айттым. Андан ары эмне кылышат, өздөрү чечип алышат.
Bulak.kg журналисти: Кайрылууда бул сайттардын бардыгын жаап салуу деген так талап бар.
Нуржамал Табалдиева: Кол коюп бергенимден кийин, аларды жабууну өтүнүп жатам да. Мен өз колумдан баш тартпайм да.
Жыпара Баргибаева, көз карандысыз ММКларга каршы өткөн көптөгөн митингдердин катышуучусу: Ооба, мен кол койгом, анткени 2010-жылы Ош окуялары маалында башка аялдар менен бирге мен “Чагылган” деген тайпа түзүп, элге гуманитардык жардам бере баштаганбыз. Ошондо эки элди ынтымакка чакырып жатканыбызда, Азаттык конфликтти биринчи биз баштаганбызды жана өзбектерди геноцид кылып жатканыбызды жазган. Ошол кезде биз чет элдик ММКларга иштөөгө тыюу салып, жергиликтүү маалымат каражаттарына гана уруксат берүүнү талап кылганбыз.
Жакында болгон Баткен окуясында экични жолу кыргыздар биринчи болуп баштаганын жазып, бизди уят кылып койду.
Андан сырткары Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында ЛГБТ өкүлдөрү митингге чыгып, анын атын кирдетип коюшту. Алар биздин салттарга чоң сокку уруп жатышат.
Демилгечи катары, кайсы бир Илимбек чыккандай болду (Илимбек Исраилов болушу мүмкүн, бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы. Ал 2022-жылдын 12-октябрындагы митингде “Азаттыктын” офисин өрттөп салам деп коркуткан).
Дагы башка кол койгондор калың элге белгисиз адамдар экени аныкталды. Аларды “жарандык активист”, “коомдук ишмер”, “студент” деп жазып коюшкан. Алардын телефон номурларын табууга мүмкүн болгон жок.