Оор атлетчи Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеко 8-16-октябрь күндөрү Манамада (Бахрейн) өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттун эл аралык федерациясы Instagram баракчасында билдирди.

xskrinshot 17 10 2022 093451.jpg.pagespeed.ic .VGf NFcmEG Оор атлетчи Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Ал 109 килограммга чейинки салмакта (жалпы салмагы — 389 килограмм) экинчи болду. Алтын медалды Ирандын спортчусу (397 килограмм) алды. Жулкуп көтөрүүдө Кыргызстандын спортчусу да экинчи болду.

Буга чейин дагы бир кыргызстандык Эмил Молдодосов эки дисциплинанын жыйынтыгында Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынган.