Ошто коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча окуу-семинар ѳткѳрүлдү

2022-жылдын 12-октябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштѳѳнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталыштагы семинар ѳткѳрүлдү.
Аталган семинарга Ош облусунун аймагындагы үгүт бригадаларынын жана айыл аймактардагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча коомдук алдын алуу борборлорунун ѳкүлдѳрү жана Ош ОИИБдин кызматкерлери катышты.


Семинарда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бѳлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков тарабынан «Кыргыз Республикасынын диний чѳйрѳдѳгү мамлекеттик саясаты» аталыштагы лекция окулуп, семинардын катышуучуларынын кызыккан суроолоруна жооп берди.

WhatsApp Image 2022 10 12 at 13.42.11 1 Ошто коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча окуу-семинар ѳткѳрүлдү


Ал эми, Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев тарабынан «Кыргызстандагы диний кырдаал, тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдар жана алардын материалдарынын ѳзгѳчѳлүктѳрү» деген темада баяндама жасалып, семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берилди.

WhatsApp Image 2022 10 12 at 13.42.10 Ошто коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча окуу-семинар ѳткѳрүлдү


Семинардын жыйынтыктоочу бѳлүгүндѳ Кыргызстанда диний экстремизмдин алдын алууда Үгүт бригадасынын жана Коомдук алдын алуу борборлору үчүн «Экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларын уюштурууда колдонулуучу лекциялардын тематикасы» аттуу усулдук китепченин бет ачаары болду. Бул иш-чара «Эл аралык толеранттуулук үчүн», «Saferworld» эл аралык уюмударынын колдоосу менен ѳткѳрүлдү.
Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы

WhatsApp Image 2022 10 12 at 13.42.11 Ошто коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча окуу-семинар ѳткѳрүлдү