Баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн Басма сөз кызматы билдирди.

8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Баткен ШИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын майору Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, Баткен шаарынын ичиндеги каналда агып бараткан жаш баланы көрүп калган.

Ошол замат сууга түшүп, агып бара жаткан баланын суудап алып чыгып, өмүрүн сактап калган. Бүгүн милициянын майору Аскар Токоевди Президенттин Баткен облусундагы өкүлү чакырып, ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна 20 жыл” медалын тапшырды.

Whatsapp image 2022 10 10 at 10. 08. 23 баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды