“Кабинетинен чыкпай койду”: Садыр Жапаров Өмүрбек Субаналиевти кызматтан алган себебин айтты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигинде маек берип жатып, генерал Өмүрбек Субаналиевдин кызматтан алынышы тууралуу кеп кылды:

-Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. “Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз” деп.

Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым”, -деди мамлекет башчы.