3-сентябрда «Ош Пирим» телеканалы Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, орой мамиле көрсөткөнүн жазып чыкты. Билдирүүгө окуяны чагылдырган 5:47 мүнөттүк видео репортаж тиркелген.
Вице-мэр менен журналисттин бул окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрымдары журналисттин жүрүм-турумун сынга алса, калганы вице-мэрди айыптады.
«Т-Медиа» редакциясы окуянын чоо-жайын териштирип, саресеп салды.
Окуя кандай өнүккөн?
«Ош Пирим» телеканалынын кабарчысы 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата сурамжылоо жүргүзүп, мэриянын аппаратына баш баккан. Мэрдин орун басарларынан жана шаардык кеңештин төрагасынан жооп алып, социалдык тармакты тейлеген вице-мэр Венера Рыскулованын иш бөлмөсүнө кирген. Бирок ошол жерден пикир келишпестик жаралган. Саламдашып, уруксат сурап кирген журналисттен вице-мэр сыртта бир мүнөт күтүп турууну суранган. Тасмада кабарчы кыз Рыскулованы төрт мүнөт күткөнү таймер менен көрсөтүлгөн. Вице-мэр журналисттин күтүп туруусун талап кылганды уланткан. Ал эми журналист Ош шаарына канча жыл болгонун чиновниктен сурай берген.
Муниципалдык кызматкердин этикасы
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикалык кодексинин 4-бөлүмүндө кызматкер кызматтык милдеттерин аткарууда калыс болуп, таасир көрсөтүүдөн эркин болууга тийиш экени айтылган. Мындан тышкары кодекске ылайык чиновниктер так, кичи пейил, тартиптүү жана уюшумдуу болууга тийиш.
Кодексте башаламандыктарга жол бербөөгө, жарандардын жеке убактысына сарамжал мамиле жасоого, кызмат көрсөтүүлөрдү алган тараптардын биринин кызыкчылыктарын көздөбөөгө жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркын колдоого милдетүү. Пикир алышуу стили да кызматчынын маданий деңгээлин чагылдырат.Бирок вице-мэрдин жүрүм-турумунда, журналист менен баарлашуусунда бул эрежелер сакталбаганы байкалат.
Журналист кесиптик этиканы бузганбы?
Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 19-беренесине ылайык, журналист маалыматты, документтерди, фотосүрөттөрдү, аудио жана видеоматериалдарды мыйзамдардын чегинде гана алууга аракеттениши кажет. Башка ыкмалар аркылуу алынган маалымат коомчулук үчүн мааниге ээ болгондо гана өзүн акташы мүмкүн. Бирок мэрия кызматкерлеринин шаар тууралуу маалыматтан кабар болгону коомчулук үчүн канчалык деңгээлде маанилүү? Журналист көтөрүп чыккан маселе ошол убакта коомчулуктун көңүл чордонунда беле?
«Ош Пирим» телеканалынын жетекчиси Абай Большевиков журналист жөнөкөй эле суроо менен барганын, ал үчүн мэриянын маалымат кызматынан уруксат алууга негиз жоктугун белгилейт. Ал вице-мэр Венера Рыскулованын тажрыйбасын эске алганда, интервью алганы барган кабарчы кыз үйрөнчүк экенине маани бериш керек эле деген пикирде.
«Биздин кабарчынын да этикасын эске салып жатышат. Сындагандар болду. Ооба, 10-20 жылдык тажрыйбасы жок, жаш үйрөнчүк кыз. Бизде үйрөнүп жатат. Мен ага жетекчи катары бир-эки кемчилигин айттым. Бирок Венера Рыскулова акылдуу, тажрыйбалуу кызматкер болсо, жаш кыздын суроосуна жооп берип койсо болмок эле. Мамлекеттик кызматкердин этикасы андай болбойт», -дейт Большевиков.
«Журналистикада жаңы»
Ал эми журналисти өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, жаңыдан гана бул тармакка аралашып жатканын, вице-мэрди каралоо максатында суроо узатпаганын белгилеген.
«Мындан ары ачыкмын»
Вице-мэр Венера Рыскулова ар дайым интервью бергенге ачык экенин, мындан ары да ачык болорун айтты. Ал ким болбосун бири-биринин ишине тоскоолдук жаратпашы керек деген оюн билдирди.
«Ал учурда мен бир жыйын өткөрүп бүтүп отургам. Мага чукул чалуулар, башкалар келет. Жогору жакка да жооп беришим керек. Мен ойлойм, ал жаш кыздын балким журналистикада тажрыйбасы аздыр. Бирок биз деген мамлекеттик мекемебиз, стратегиялык объект. Бири-бирибизди туура түшүнүп иштешибиз керек», -деди Рыскулова.
«Эки тарапта тең айып бар»
Медиа эксперт, ЖМКлардын үстүнөн арыздарды караган Комиссия мүчөсү Алмаз Исман окуяда эки тарап тең ишмердүүлүгүн жөнгө салган этиканын бузулушун билдирди.
«Журналист теманы, съемка болорун, эфирге кетээрин алдын-ала айтыш керек эле. Ооба, ал «Мен иш учурундамын» деши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда вице-мэр да өзүнүн жумушун аткарып жатат. «Чыгып туруңуз» дегенде тышка коридорго чыгып, күтүп туруш керек болчу. Ал эми Рыскулованын мамилеси да этикага туура келбейт. Журналистке сылык кайрылып, аны да уга билсе болмок. Конфликткке баргандай болду. Кээ бир учурларда журналисттер «Мен иликтеп атам, акыйкат издеп атам» деп камерасы менен кабинеттерге дароо кирип барышат экен. Иштеп отурган чиновник кимдер кирди, эмне болуп жатканын түшүнбөй калат. Көп учурда конфиликттер түшүнбөстүктөн чыгат».
Максаты бир эки тарап тил табышса
Кыргызстанда журналист менен чиновниктер, саясатчылдардын ортосунда пикир келишпестиктер байма-бай болуп келген. Мисалы, быйыл SuperTV телеканалынын журналисти Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөндө депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Бул окуядан кийин каналдын бардык журналисттерине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынып, кийин кайра уруксат берилген.
Мындан сырткары 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин кантип алганын сураган «Спутник Кыргызстан» басылмасынын журналистине «эс алчы» деп жооп берип, талкууга алынган.
Журналисттин жана мамлекеттик кызматкердин максаты бир болгондуктан, шериктештик дагы ошого жараша болуусу шарт. Мындай пикирин медиа боюнча адис Гүлзат Газиева билдирди. Анын айтымында, көп учурда чыр-чатак ортодогу коммуникациянын жоктугунан келип чыгат.
«Журналисттер коомчулук үчүн аябай маанилүү. Алар эл билиши керек болгон маалыматты бийлик органдарында иштегендерден алып, коомчулукка жеткирүү үчүн барышат. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар маалыматты берүүгө милдеттүү. Мындайча айтканда экөө бири-бири менен карым-катнаш кылыш керек».
Газиеванын билдиришинче, чыр-чатак көбүн эсе эки тараптан тең болуп калат. Эки тарапта тең кесиптик этика сакталбай калат. Андыктан, журналисттин кесиптик этикасын ар бир редакцияда көрүнөө жерге илип, аны эске салып, ошонун негизинде иштөө зарыл экенин эсетип туруусу керек.
«Кабарчылар улам жаңылангандыктан, жаңы муун келет. Ал эми чиновниктер журналисттер менен конфликткке барбастан, алардын коомчулук үчүн иштеп жатканын түшүнүшү керек. Кээ бир учурда кабарчынын оперативдүүлүгүн көпчүлүк биле бербейт. «Коё турса болот да, менин башка маанилүү иштерим бар» деген менен коомчулук үчүн маалымат бериш үчүн келгенин чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер түшүнүшү керек. Эгерде ушул нерсе болбосо, кагылышуулар, түшүнбөстүктөр, чыр-чатактар улана берет», — дейт Газиева.