Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду

Депутат Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын кезектеги жыйынында фракциянын лидери катары Бакыт Сыдыков дайындалды.

Эскерте кетсек, аталган фракциянын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.