
Жогорку Кеңештин үч фракциясы жана бир депутаттык топ “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы парламенттин төрагалыгына сунуштаган Нурлан Шакиевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда жалпы жыйында вице-спикер Улан Примов билдирди.
Анын айтымында, ага төрт фракциядан сунуш түшкөн.
Жыйында ал билдиргендей, «Элдик» депутаттар тобу, “Ишеним”, “Альянс” жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевдин талапкерлигин колдошту.