Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 104 мжылдыгына карата ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Оролбек Акпаровдун куттуктоосун сунуш кылабыз.
“Урматтуу Кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери жана күжүрмөн кызматкерлери! Сиздерди Кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 104-жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.
Кылмыш иликтөө кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдынкы, эң маанилүү кызматтарынын бири. Акыркы жылдары биздин кызмат дагы бир топ өзгөрүүлөргө туш болуп, кылмыштарды иликтөө, кылмышкерлерди кармоо ишмердүүлүгүбүзгө тескери таасирин тийгизген учурлар да пайда болуп, кылмыш иликтөө кызматы-Криминалдык милиция кызматы болуп өзгөрүлүп, бир топ кыйынчылыктар пайда болуп, өз ишин мыкты билген бир катар тажрыйбалуу кызматкерлерибиз отставкага же башка мамлекеттик кызматтарга кетип калды.
Мамлекеттик башкаруу системасынын кайрадан жаңыча иш жүргүзө баштагандыгынан улам ИИМдин жетекчилигинин жана Ардагерлерибиздин толук кандуу аракети менен Криминалдык милиция кайрадан тарыхый аталышына кайрылып келип Кылмыш иликтөө башкы Башкармалыгы болуп кайрадан түзүлдү. Бул болсо аталган кызматтын кайрадан жанданып кылмышкерлерди кылтактоого болгон ишин жандандырды.
Азыркы учурда Кылмыш иликтөө башкы Башкармалыгы “Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” жөнүндө мыйзам долбоорлорун ишке ашыруу максатында, Жогорку Кеңештин комитетинде каралууда.
Мыйзам долбоорлорунун өзгөчөлүктөрүн кыскача белгилей кетсем уюшкан кылмыштуулукка каршы чараларды күчөтүү, адам сатууга, эл аралык кылмыштуу топтордун ишмердигине бөгөт коюу, оор жана өтө оор кылмыштардын изин суутпай бетин ачуу багыттары жакшырат.Адам укугун басмырлаган учурларга жол берилбейт. Дайынсыз жоголгон, уурдалган, адамды ыкчам табууга, элдин турмуш- тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарга жана кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерин аныктап, бөгөт коюуга каршы жаңы ыкмадагы чараларды камтыйт. Мыйзам долбоорлору баардык министрликтер, ведомстволор менен макулдашуудан өткөн, ошондой эле социалдык, укуктук жана башка кесепеттерге, бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Аталган мыйзамдардын кабыл алынышы коомдук тартипти чындооого, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө сөссүз түрдө ийгиликтерди алып келет.
Кыргызстанда милиция кызматы Октябрь революциясынын кыйын кезең күндөрүндө өздөрүнө тагылган милдеттерди аткарууга киришти. Революциялык милиция кыска мөөнөттүн ичинде калыптанып ошол эле күндөн тарта кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдетин аткара баштады. Бирок, алчы таасын жеген, Совет бийлигине каршы турган кылмышкерге каршы күрөштү атайын даярдыктан өткөн адистер жүргүзүшү керек экени түшүнүктүү болду. Ошондуктан 1918-жылдын 5-октябрда “Революциялык тартипти сактоодо укук бузган кылмыштарды иликтөө үчүн жана бандитизимге каршы күрөшүү максатында кылмыш иликтөө башкармалыгы түзүлсүн”-деген чечим кабыл алынат. Ошентип 1918-жылдын 5-октябры кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөн датасы болуп тарыхта калды.
Кылмышкерлер менен кылмыш иликтөө кызматынын кармашына мына 104 жыл болуп, тынымсыз, күнү-түнү бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бул аягышкан кармашта аёо деген жок, ажалга тике карап, өлүмдөн жалтанбай, башты канжыгага байлап иштөөгө туура келет. Атылган ок, шилтелген канжар ажал издеп атылып, өлүм издеп шилтелет. Кылмыш иликтөө кызматынын адистери кылмышкерлерден элди коргоп, ок аралап, от кечип келет. Канчалаган мыкты азаматтар каардуу кармаштарда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болушту. Алардын аты Ардак Такталарга түбөлүккө өчпөс болуп жазылган, ошондуктан эрлерин эли унутпайт деп ишенимдү айтсак болот. Аларга тубөлүк таазим жана урмат!
Бул кызмат- ар бир жасалган кылмыш жазасыз калбай турганын, бирөөнө жасаган жамандык акыры айланып өз башына келерин иш жүзүндө далилдей турган, өкмөттүн укуругу узун экенин көргөзө турган кызмат. Ошондуктан кылмыш иликтөө кызматында ниети таза, кыраакы, кайраттуу, октон, оттон тартынбаган азаматтар иштеп келүүдө. Ошондой эле аталган кызматтын ардагерлери да коомдук тартипти сактоодо өздөрүнүн акыл насааттары, тажрыйбалары менен учурда иштеп жаткан кызматкерлер менен тең бөлүшүп келе жатат.
Урматтуу кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери жана учурда иштеп жаткан ыкчам кызматкерлери 104 жылдык маараке Майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге бекем ден соолук, майтарылгыс кайрат, жооптуу ишиңиздерде ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм, деди ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Оролбек Акпаров” – деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин Басма Сөз кызматы