Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 млрд сом бөлдү

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин талкаланган Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Маалыматта бул каражат “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралганы айтылат.

“3 миллиард сом куралдуу кагылыштын натыйжасында бузулган жана талкаланган аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө, курууга, анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга, капиталдык оңдоого, калкты таза суу менен камсыздоого, турак жай салууга жана жолдорду реконструкциялоого жумшалмакчы”, — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда чек арадагы чырдан талкаланган турак жайлардын орду тазаланып, жаңы курулушка даярдык көрүлүүдө. Буга чейин Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланганы маалымдалган. Анын 453ү кайра курулса, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы үйлөрдү 2-3 айдын ичинде салып бүтүү тапшырмасын берген. Ага чейин жергиликтүү тургундар мектептерде жашап турушат. Ошондой эле аларга убактылуу баш калкалап туруу үчүн жылууланган чатырлар тигиле баштады.