V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Казакстанга берилди

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлиги билдирди.

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи болуп өтүп, анда Түркия аталган оюндарды өткөрүү эстафетасын Казакстанга өткөрүп берген.

Эстафетаны Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглудан кабыл алды.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Казакстанга берилди
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Казакстанга берилди
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Казакстанга берилди
1024x683x310432407 412304621061300 5718432948258677250 n 1.jpg.pagespeed.ic.aMnyTfTc0p V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Казакстанга берилди
1024x683x308446099 412304667727962 6249281554889603926 n.jpg.pagespeed.ic.2OyIO HHEC V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Казакстанга берилди

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды.

Ага чейинки (2014, 2016 жана 2018-жылдары) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Ысык-Көл болусунда өткөрүлгөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору.

2018-жылы оюндарды өткөрүү укугу Түркияга берилген.