![Отправка призывников на службу в Президентский полк](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/09/6-2-696x392.jpg)
Россиядагы аскер комиссариаттары жарым-жартылай мобилизациядан улам ашыкча жүк болуп, кырдаалды курчутпоо үчүн күзгү чакыруунун башталышы 1-октябрдан 1-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Бул мобилизацияланган жана аскерге милдеттүүлөрдүн агымын бөлүүгө мүмкүндүк берет», – деп түшүндүрдү Песков.
Эреже боюнча, Россияда күзгү аскерге чакыруу 1-октябрда башталат. Бирок 30-сентябрда президент Владимир Путин аскерге чакыруу 1-ноябрдан башталсын деген жарлыкка кол койгон.
Документке ылайык, күзгү өнөктүктүн алкагында 120 миң адам чакырылат. Бул былтыркы күзгө (127,5 миң) жана быйылкы жазга (134,5 миң) салыштырмалуу аз.