Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт – унаа жолу» жана «Эркечтам – унаа жолу» өткөрмө бекеттери 1-3-октябрь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Чек ара кытай тараптын демилгеси менен «Кытай Эл Республикасынын түзүлүү күнү» мамлекеттик майрамынын белгилениши менен байланыштуу. Аталган чек ара бекеттери 4-октябрда кайра ачылат.
Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы эки чек ара бекети атайын алгоритм менен иштеп жатканын жана алар аркылуу товарларды гана алып өтүүгө болорун эскертет.