
Суеркул Бакиров «Кыргызалтын» ААКсынын директорлор кеңешинин жаңы төрагасы болуп тандалды.
Компаниядан кабарлашкандай, 27-сентябрда «Кыргызалтындын» акционерлеринин кезексиз жыйынында Тилек Мамбетов төрагалыктан кеткен.
Ошондой эле директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп Кубат Абдраимов шайланды.