Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара бекеттерин алуу тууралуу кол коюлган протокол боюнча оюн билдирип, аны сынга алды.
Айжигитов өз сөзүндө протоколго ылайык алына турган чек ара бекеттеринин ар биринин маанилүлүгү тууралу айтып берди.
«Кыргыз-тажик чек арасында абал жеңилдештин ордуна, андан бетер татаалдашып кетүү коркунучу турат. Ворух менен Тажикстандын негизги аймагын байланыштырып турган биздин жер өтө маанилүү болуп саналат. Эгер биз ошол жердеги көзөмөлдү жоготуп койсок, Баткен облусунун жарымы анклав болот дагы облустун жарымын жоготуп алабыз. Ачык эле жер жоготуу болот. Ошол учактокту сактап турган эки чек ара бекети бар болчу. Бирөөсүн 2019-жылы алдырып салган. Эми «Дача» деген экинчи постту алганы жатабыз. Эгер аны алсак, биз ошол участоктогу көзөмөлдү толугу менен жоготобуз да, «сойломо» жолу менен келип, ошол тилкени ээлеп алганга ачыктан-ачык жол берип жатабыз», — деди ал.
Андан кийин Айжигитов «Булак-Башы» чек ара бекети жана «Тамдык» чек ара тозоту тууралуу сөз кылды.
«Экинчи маанилүү тилке… бул Кех деген жайлообуз бар. Ал Ворухтун чыгыш жагында жайгашкан. Ал жакта токой, кенен жайлоолорубуз бар. Ошол жерди коргош үчүн «Булак-Башы» деген бекет коюлган. Биз аны да алып жатабыз. Ал «сойломо» жол менен жерибизди алып койбошу жана ошондой аракеттер болгону үчүн коюлган. Чек ара бекети ал жерлерди канча жылдан бери сактап турган. Азыр ошол жолду ачып берүүдөбүз. Керевсин деген чоң жайлообуз бар. Ал жакта токойлор, андан тышкары Ак-Сай дарыясынын башы жайгашкан. Ошол жерлерди «сойломо» жол менен алып койбош үчүн «Тамдык» деген чек ара тозоту коюлган. Азыр «Тамдыкты» алып жатабыз. Демек ал жерлерди «сойломо» жол менен ээлей берет», — деди ал.
Депутат сөзүн улай «Катта-Туз» чек ара бекети тууралуу айтып өттү.
«Катта-Туз бир топ мунай-газдын запасы бар кен. Ошол жерди тосуш үчүн, (тажиктер ал жердин газын азыркыга чейин мыйзамсыз колдонуп келе жатат) ошол жерди алып койбошу үчүн пост коюлган. Азыр ал чек ара бекетин да алып жатабыз. Ал жерде эл жашабайт, тосо турган эл жок. Биздин кенибизди тажиктер келип басып алганына жол ачып берип жатабыз», — деди ал.
Андан соң Айжигитов №42 протоколго кол коюлгандан кийин «аталган чек ара бекеттери чырдын чыгышына себепчи болууда» деген жүйөнү сынга алып, ага эч ким ишенбей турганын белгиледи.
«Ошол постторду алып койсок эле, чырдын булагы жоголот экен да, түбөлүккө тынчтык орнойт экен. Биз жолубуздан аябай адашып жатабыз. Талдоо да үстүртөн жүргүзүлгөн. Буга эч ким ишенбейт», — деди ал.
Айжигитов чек арадагы чырга Тажикстандын бийлигинин Кыргызстандын жерине көз артуу мүдөөсү себеп болуп жатканын белгилеп өттү.
№42 протокол боюнча алына труган чек ара бекеттери:
- «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
- «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
- «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
- «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).