Болот Темиров сотко: Сиз мени соттоо менен Кыргызстандын бүт калкын соттойсуз

Бүгүн, 28-сентябрда журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүнкү отурумда Темировго акыркы сөз берилип, сот өкүмү чыгаары күтүлүүдө.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту болгон, анда ага өкүм чыга турганы кутулүп жаткан, бирок, жараян 28-сентябрга жылдырылган.

Сотто Болот Темировго акыркы сөз берилди:

«Сиз мени соттоо менен Кыргызстандын бүт калкын соттойсуз, сиз азыр жакшы тарапта, чындык тарапта турууга мүмкүнчүлүгүз бар» деди Темиров.

Ошондой эле ал эртеби-кечпи, бул бийлик талкаланат жана сиз прокурор жана тескөөчүлөр катары тарых китептерине киресиз. Азыр “жок” деп айтууга мүмкүнчүлүгүң бар
«Эртеби- кечпи, баарыңар жазаланасыңар, сөздөрүмдү эстегиле»

WhatsApp Image 2022 09 28 at 13.26.30 1 Болот Темиров сотко: Сиз мени соттоо менен Кыргызстандын бүт калкын соттойсуз

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «мыйзамсыз маңзат сактаган» деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин 21-сентябрдагы отурумда билдирген.

WhatsApp Image 2022 09 28 at 13.26.17 Болот Темиров сотко: Сиз мени соттоо менен Кыргызстандын бүт калкын соттойсуз