Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Ерлан Жаманкулов билдирди.
Ал социалдык тармактарга чыккан «Талант Мамытов убактылуу кызматтан кетти, кызматын убактылуу өткөрүп берди» деген маалыматты төгүндөп, чындыкка дал келбей турганын айтты.
Маалым болгондой, Талант Мамытов Баткен облусуна эл менен жолугушуу үчүн кеткенде өз ыйгарым укуктарын вице-спикер Жамила Исаевага убактылуу өткөрүп берген.