Жакында эле токмоктолгон Нурлан Мотуев ооруканадан видеокайрылуу жасады.
Анын айтымында, ага каршы бир-эки киши болгондо моюн бербей сабап салмак.
“Мени бейсболдук бита менен чаап кетишти. Турак жайымдын жанынан чаап кетишти. ИИМге “наезд” бергенден кийин алар кармайын дешсе, ал качып кетиптир. “Кара дүйнөдөн качкыла” деп айтаар элем, алардыкы сабамай, тономой.
Илгеркидей жоокерчилик заман болгондо Камчы Көлбаевди атып кетмекмин. Менде баары жакшы. Он күн болду ооруканадамын, дагы ушундай убакыт жатамын”,- деди ал.