Атамбаев депутаттарга: “тыгыла бербе”, “көпүлдөбө” жана башка коркутуулар биздин кыжырыбызды кайнатты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев Жогорку Кенештин депутаттарына кайрылуу жазып, мэриянын кызматкерлерин өз жыйындарына көп чакырбоону суранды.

«Муниципалитет кызматкерлеринин ишине көз салуу, аларга баа берүү биздин иш, шаардык кеңештин депутаттарынын иши жана биз кандай болгон күндө да өз фракциябызды айта алабыз, мунун үстүндө күн сайын иштеп жатабыз. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектин вице-мэри Орунтаевдин ишин сынга алып, жол боюндагы тротуарларды жана жашыл аймактарды курууну жокко чыгарууну талап кылганы акылга сыйбаган нерсе! Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

2015-2016-жылдары өлкөгө тартылган гранттык каражаттардын эсебинен жолдорду, жашыл аянтчаларды, ошондой эле тротуарларды куруу планы эбак эле бекитилип, ишке ашырылууда. Шаар мэриясынын кызматкеринин тең салмактуу жообуна “тыгыла бербе”, “көпүлдөбө” жана башка коркутуулар шаардык парламенттин депутаттары катары биздин кыжырыбызды кайнатып жатат.

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары силер андан республикалык деңгээлдеги «күпүлдөгөн», жана баардык тармакка «тыгыла берген», өзүнүн түз милдеттерин аткара албай жаткан чиновниктериңер эле менен алек болгула», — деп жазат ал.