Ички иштер министринин орун басары «Антиконтрафакт – 2022» форумуна катышты

Бүгүн, 26-сентябрда, “Ала-Арча” №1 Мамлекеттик резиденциясында “Антиконтрафакт-2022” 10-Эл аралык форумунун ачылышы болуп өттү. Ага ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Сүйүнбек Ниязбеков катышты.
Аталган форум өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жана интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо маселелерине арналып 3 күнгө созулат.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ачты.


Иш – чаранын катышуучулары маселелердин кеңири чөйрөсүн карап чыгууну пландаштырууда: ЕАЭБ өлкөлөрүндө укук колдонуу практикасы; өнөр-жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү; бажылык, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо; интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды коргоо; товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук тутумдарынын иштешинин негизги аспектилери; бизнести өнүктүрүүнүн тенденциялары жана келечеги жана башкалар.

WhatsApp Image 2022 09 26 at 15.13.47 1 Ички иштер министринин орун басары «Антиконтрафакт – 2022» форумуна катышты


Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп жатып, форум он жылдан бери конструктивдүү диалог жүргүзүү жана рынокторду контрафакттык продукциядан коргоо, интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды коргоо чөйрөсүндө кызыктар тараптардын биргелешкен чечимдерин иштеп чыгуу үчүн туруктуу иштеп жаткан дүйнөлүк ири аянтчалардын бири экендигин көрсөтө алгандыгын белгиледи.

WhatsApp Image 2022 09 26 at 15.13.47 Ички иштер министринин орун басары «Антиконтрафакт – 2022» форумуна катышты


Ал ички иштер органдары тарабынан кылмыш-жаза жана административдик мыйзамдарды өркүндөтүүдө контрафактылык продукцияларды жана интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бузуу фактыларын аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жаткандыгын айтты (2021-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси кабыл алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 199-беренеси 2017-жылдан Кылмыш-жаза кодексинин “Автордук, чектеш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу” 204-беренесине кайрадан квалификацияланган).
Сүйүнбек Ниязбеков сөзүнүн аягында – “Биргелешкен чараларды иштеп чыгуу, эл аралык жана регионалдык мейкиндиктердеги кырдаал жөнүндө ар дайым кабардар болуу, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын зарыл маалыматтар жана иш тажрыйбалары менен алмашуусу интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү бузууларды жана алардын терс кесепеттерин эрте аныктоого жана болтурбоого өбөлгө түзөт”,-деп белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы