
Тажикстандын кол салуусунан улам Баткен облусунда чек арага жакын аймактардагы медициналык мекемелер дагы жабыркаган.
— Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Бакай» фельдшердик-акушердик пункту жабыркаган. Имараттын чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келтирилген, айнектери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык оңдоого муктаж.
-Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Капчыгай фельшердик-акушердик пункту. Имарат толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, катуу жана жумшак эмеректер жараксыз болгон. Имарат кайра курууга муктаж.
— Баткен районунун Достук айылындагы ФАП толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар ошондой эле катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалга келген. Имаратты кайра куруу керек.
— Баткен районунун Достук айылына караштуу тез жардам унаасы жана Чаткал элинен жардам катары берилген тез жардам унаасы жабыркаган. Унаанын алды жагынан 5 жерине (алдыңкы айнегине, айнегинин үстү жагына жана алдыңкы капотуна) ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандарын толугу менен талкаланып жана тонолгон. Автоунаа капиталык оңдоого муктаж.











