№42 протоколдун көчүрмөсүнүн сүрөтү тарады

25-сентябрда «Кызыл-Бел-автожол» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары жана бир катар тиешелүү мекеме жетекчилери, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгы менен протоколго кол коюлган.

Соцтармактарда протоколдун мазмунун сынга алгандар болуп, нааразылыктар айтылууда. Бүгүн №42 протоколдун көчүрмөсүнүн сүрөтү тарады.

Протоколдо, «Кыргызстандан «Тамдык», тажик тараптан «Бедак» заставалары жоюлат. Аны менен катар «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан), «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан), «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан) посттору алынат. Кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бүткөнгө чейин аймакты өздөштүрүүгө, түрттүрүүгө, курулуш жүргүзүүгө жана коммуникацияны жылдырууга жол берилбейт. Жергиликтүү тургундардын айыл чарба иштерин улантуусу камсыздалсын», — деп жазылган.

309103955 2237215186456049 3521994582688885761 n №42 протоколдун көчүрмөсүнүн сүрөтү тарады
308625669 2237215329789368 5602441353883570566 n №42 протоколдун көчүрмөсүнүн сүрөтү тарады
308625669 2237215329789368 5602441353883570566 n 1 №42 протоколдун көчүрмөсүнүн сүрөтү тарады