
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов менен ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу чыр-чатактан курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө барышты.
Куран окулган соң, ички иштер министринин орун басары курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрылып, “Биз Мекенин коргоп, өз өмүрлөрүн арнаган өлкөнүн чыныгы уулдарын жоготтук. Бардыгыбыз аза күтүп жатабыз”,-деди өз сөзүндө.
Андан сырткары, ал мамлекет курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар дайым көңүл бура турганын билдирди.




ИИМдин Басма сөз кызматы