16-сентябрда Тажикстан оор аскердик техникаларын колдонуп, кыргыз айылдарына чабуул койду. Андан тышкары жарандык кийимчен адамдарга жапырт курал таратылып атканын өздөрү жарыялашты. Аскер түйүндөрүнө жүздөгөн адамдарды чогултуп жатканы тууралуу маалыматтар байма бай тарап атат. Муну менен Тажикстан карапайым элин кагылышка тартып атканын көрсөтүүдө. Аны Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да байкап жатышат. Мисалы, Киевдин метросунда илинген билдирүүдө “Тажикстан бийлиги карапайым адамдарды “тирүү калканч” катары жаңжалга тартып атканы айтылган. Расмий бийлик сайттарында, мамлекеттик телеканалдарда чек арадагы кагылыш тууралуу маалымат жазылбаганы менен интернетте, мессенджерлерде маселени чек ара чыры эмес, кыргыз менен тажик элинин урушу катары көрсөтүү аракети күч болууда.
Ошол эле учурда Кыргызстандын бийлиги куралдуу жаңжалга аскерлерди гана тартып, аймактын тургундарын жапырт эвакуациялады.
Мындай шартта кагылышты баштоо кимге пайдалуу деген суроо туулат.
- Үй-бүлөлүк бийликтин өмүрүн узартуу. Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери президент, Борбор Азиянын акыркы диктатору. Анын бийлиги “убагында жарандык согушту токтоткон, Рахмон болболсо тажик эли кайра өз ара согушат” деген жалган түшүнүктү сиңирип келет. Эми ордуна уулу Рустам Эмомалини калтырууга бир нече жылдан бери аракет көрүүдө. 34төгү Рустам азыр борбор Душанбенин мэри жана өлкө парламентинин спикери. Ызы-чуу үй-бүлөлүк бийликтин бекемделип, өмүрү узарышына өбөлгө.
- Ички чатактан алагды кылуу. 2022-жылдын майында Тоолуу Бадахшан Автоном Облусунда ири митинг өтүп, ал кагылышууга чейин жеткен. Каршылык акциялары аесуз басылып, ондогон адам өлгөн. Жүздөгөн адам кармалган. Дагы да куугунтук уланууда. Буга тажик элинде нааразылык күч. Тоолуу Бадахшандагы зомбулугу үчүн Тажик бийлигин эл аралык коомчулук, укук коргоочулар катуу айыптап келишет.
- Экономикалык кыйынчылыктан алаксытуу. Экономикалык абалы абдан начар, кымбатчылык. Мындай шартта карапайым тажикстандыктардын эң башкы маселеси тиричилик. Бийлик жасалма душман жаратып элдин патриоттук сезимдерине ойноо аркылуу алаксытуу аракетинде.
- Жазасыздык ишеними. Тажикстанда оппозиция тазаланган. Куугунтукталган, камалган, өлтүрүлгөн. Жарандык коом алсыз, эркин журналисттер жок эсе. Андыктан бийликтин терс ишмердигин көңүл жаздымында калтыруу кыйын эмес. Олуттуу тоскоолдукту сезбеген тажик бийлиги түрдүү зомбулукту коңшуларына эле эмес, өз элине каршы да көрсөтүп келет. Мисалы, эркектердин сакалын мажбурлап кырдырып, каяша айткандарды камакка алууну айтса болот.
- Мачо синдрому. Ооганстанда бийликке келген “Талибан” менен Рахмондун мамилеси өтө начар. Бирок алар менен ачык кагылышууга батынбайт. “Талибан” Тажикстанды бир аптада алып коебуз” деп августта эскерткен. Мунун өзү алмашкыс, “мачо” лидердин авторитетине зор сокку. Андыктан жүзүн сактап калуу аракетинде тынч жаткан, куралсыз элге зомбулук көрсөтүп, кайра аларга каршы өз элин тукуруу кыйынга турбайт.
Ал эми чек арада жаңжал тутануусу Кыргызстандын бийлигине пайдалуу эмес.
- Мындайда дароо чек ара тилкелерин аныктап, чечүү талабы коомчулукта күчөйт.
- Кыргызстанда жарандык коом, журналисттердин таасири күчтүү.
- Парламентте да, көчөдө да оппозиция бар.
- Чечилбеген чек ара аймагында Тажикстанга салыштырмалуу калк саны аз.
- Кыргызстанда деле экономикалык абал жакшы эмес, кымбатчылык. Бирок бул маселе ачык талкууланып, себептери тынбай түшүндүрүлүп турат. Тымызын ичте кайнаган маселе жок.
Чек арадагы кризис Өзбекстанда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтүп жатканда жанданды. Бул күндөрү Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешкен темир жолду куруу келишимине кол коюшкан. Бул жол Кыргызстанды тышкы соодада туңгуюктан чыгарып, түштүк маршруту аркылуу дүйнө менен байланышуусуна, натыйжада геосаясий, геоэкономикалык кубаттануусуна жол ачат.
Мындай шартта Тажикстан бийлиги согуштук куралдарды колдонуу менен коңшу өлкөнүн территориясын бузуп кирип, өнүгүүсүнө жолтоо болуудан башка арга таппагандай.