
Баткенде убактылуу пунктардагы жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 16-сентярбрда саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

