
Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылып, куткарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери экология өкүлдөрү менен биргеликте көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүүдө, Ысык-Көл районуна караштуу Кызыл-Өрүк айылынын көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылган.
