ИИМ: Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны болуп өттү

2022-жылдын 8-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү.


Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Россия Федерациясынын ИИМдин башчысы Владимир Колокольцев, Өзбекстан Республикасынын ИИМдин башчысы Пулат Бобожонов, Казакстан Республикасынын ИИМдин башчысы Марат Ахметжанов, Беларусь Республикасынын ИИМдин башчысы Иван Кубраков, Азербайжан Республикасынын ИИМдин башчысы Вилаят Эйвазов, Армения Республикасынын Полициясынын башчысы Ваге Казарян, Тажикстан Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода, КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун директору Олег Коновалов, КМШнын Терроризмге каршы борборунун жетекчиси Евгений Сысоев, КМШнын Аткаруу комитетинин алдындагы Ички иштер министрлеринин Кеңешинин өкүлү Валерий Дубровский катышты.

WhatsApp Image 2022 09 08 at 12.21.05 1 ИИМ: Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны болуп өттү


Катышуучулар КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, улуттар аралык кылмыштуу топтор, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу өзгөчө коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

WhatsApp Image 2022 09 08 at 12.21.06 1 ИИМ: Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны болуп өттү


Ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын киберкылмыштуулукка, өзгөчө оор кылмышкерлерди издөөгө, жаңы акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү кызматташуу маселелери каралды.
КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан КМШнын ички иштер министрлеринин Кеңешинин тиешелүү чечимдерине кол коюлду.

WhatsApp Image 2022 09 08 at 12.21.05 ИИМ: Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны болуп өттү

ИИМдин Басма сөз кызматы