
Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 28-августта катталган.
Маршруттук такси жеңил унааны келип сүзүп, оодарылып калган. Жабыркаган 3 жаранды «Тез жардам» алып кеткен.
