
Uzbekistan Airways компаниясы Кыргызстандын борбор калаасына кошумча каттамдар тууралуу жарыялады.
Маалыматка караганда, Ташкент – Бишкек – Ташкент маршруту боюнча кошумча каттамдар 14, 21 жана 28-сентябрда аткарылат.
Учак Ташкенттен 13:00дө учуп чыгып, Бишкекке 15:10до конот, ал эми Бишкектен учак 16:30да учуп чыгып, Ташкентке 16:50дө конот.
Ташкент — Бишкек — Ташкент маршруту боюнча каттам жумасына төрт жолу — дүйшөмдү, шаршамби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Буга чейин Өзбекстандан Бишкекке аба каттамы жумасына эки ирет гана аткарылып келген.