Таласта 17 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болгон деген окуя боюнча кылмыш иши козголду

Талас районунун Манас айылында 17 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болгон деген окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз айылдашы тарабынан зордукталганын айтып арыз жазган. Текшерүү учурунда анын кош бойлуу экени аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмү («Зордуктоо») менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.