
Жакында Иса Ахунбаев көчөсүнө Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин жаңы таштанды челектери орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой орнотулат. Келечекте жөнөкөй урналарды акырындык менен заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда.
Идеясы жана долбоору “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине таандык, урналар ишкананын базасында кызматкерлер тарабынан жасалууда