Милициянын лейтенанты Улан Омуралиев Ысык-Көлдү сүзүп өттү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына сүзүп өтүүгө жалпысынан 15 спортчу катышкан. Бул иш-чара “Номад” спорттук клубу” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан келген спортчулар катышкан. Тилекке каршы 8-9 км сүзгөндө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бир аз убакыт тыныгышып, кайра сүзүүнү улантып, көздөгөн жерлерине сүзүп чыгышкан.

WhatsApp Image 2022 08 22 at 14.12.38 Милициянын лейтенанты Улан Омуралиев Ысык-Көлдү сүзүп өттү


Бул иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын Милициянын ведомстволук полкунун 1-батальонунун инспектору милициянын лейтенанты Омуралиев Улан Сыртбаевич дагы катышкан. Милиция кызматкери Улан Омуралиевге “Номад” спорттук клубу” коомдук бирикмеси тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 08 22 at 14.12.37 Милициянын лейтенанты Улан Омуралиев Ысык-Көлдү сүзүп өттү


Кызматкеринин спорттогу жетишкендиктерине кубанышкан ИИМдин Күзөт кызматынын Милициянын ведомстволук полкунун өздүк курамы эртең менен дайыма өтө турган нускамада куттукташып, алдыда дагы уюштурулуп жаткан иш-чарада ийгиликтерди багындыруусун каалашты. Милициянын лейтенанты Улан Омуралиев 2019-жылы апрель айынан баштап ИИМдин Күзөт кызматынын Милициянын ведомстволук полкунда кызматын өтөй баштаган. Кесиптешибиздин мекениме ак кызматын өтөп, кыргыз милициясына өз салымымды кошсом деген тилеги бар. Ошондой эле, алдына коюлган милдеттерин жоопкерчилик менен так аткарган милиция кызматкерлеринин бири. Бош убактысында күрөш, сууга сузуу менен машыгып келет.

ИИМдин Басма сөз кызматы