
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактаргы баракчасына билдирүү жазып, коомчулуктан көмөк сурады.
«Урматтуу Кыргызстандыктар, туризмди өнүктүрүү боюнча, кандай сунуштарыңыз бар?», — деп суроо салды Жапаров.
Ал арада анын билдирүүсүнүн алдына өз пикирлерин жазган социалдык тармактын колдонуучулары бир катар сунуштарды айтышууда.
