
Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБдин БМЖККК бөлүмчүсүнө райондук борбордун тургундарынын бири баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Маалымат райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Ысык-Көл РИИБдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сактаган жарандын ким экендигин аныкташкан.
Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 47 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну А.А. болуп чыкты. Жүргүзүлгөн мыйзамдуу тинтүү учурунда, андан политилен баштыкка салынган жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар зат табылып, далил зат катары алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат гашиш баңгизатынын түрүнө кирерин жана салмагы 15 грамды түзгөн. Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жүргүзүлүүдө.