
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-августта түнү «Мерседес-Бенц» унаасы менен «Дэу Лабо» унаасы сүзүшкөн. Анын айынан 13 адам жабыркап, 8 киши учурда оор абалда болсо, 5 жаран жеңил жаракат алган.
Окуя жерине куткаруучулар барып, жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.