
Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарышкан.
Андан соң сөөктү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.