“Мындай тоолорду эч жерден көргөн эмесмин”: Кыргызстандын жаратылышы менен суктанган БАЭден келген блогерлер

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан алты популярдуу, тамашакөй блогерлер келди.

КР Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, блогерлер Кыргызстандын жаратылышы менен таанышып, ага абдан суктанышып, съёмкаларга ылайыктуу жер караштырып жатышат.

«БАЭден келген кинорежиссёр жана комедиялык актёр Ахмед Саифтин айтымында, ал көп мамлекеттерге барып, бирок мындай кооз жаратылышты алгачкы жолу көрүп жатканын билдирген. Буга кошулуп блогер Омар Хасан Кыргызстанды Грузияга окшоштурган. Ал белгилегендей, мындай тоолорду ал эч жерден көргөн эмес», — деп билдиришти аталган фонддон.

«Кечээ аэропорттон абанын температурасы 10 градус болчу. Ал эми тоолордо 30 градус жылуу. Кечээ биз салтту тамактар менен тамактандык, мага – боорсоктор абдан жакты. Бизде үч бурчтук нандар бар, алардын аталышы – мангази. Мен баарына боорсоктордон ооз тийишин каалайм жана мен Кыргызстанда жашагым келет», — деди блогер Абдалла Халед.

Биринчи күнү коноктор этно-комплекс «Чункурчакка» барышкан. «Боз үйдө жашап, тамактардан даам сызышкан жана эт аларга абдан жаккан. Буга кошумча жергиликтүү тургундардын меймандос экендигин айтышты», — деп билдиришти фонддон.

Бүгүн туристтер «Бурана», Ысык-Көл жана Каркыра жайлоосуна сапар тартышат. Ошону менен бирге эле Чолпон-Атадагы петроглифтер музейине жана «Рух Ордо» комплексине, яхтада саякат кылышат.