
Аламүдүн районунда саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 өкүлү кызматкер жана 3 бригада тартылган.


