Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады

Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-августта Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 гектар буудай жана беде айдоо аянтын сел каптады. 

Мындан сырткары, Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес. Жерине 4 куткаруучу тартылган.