Кыргызстан менен Катар соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

0
33

Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын соода жана өнөр жай министринин орун басары Султан бин Рашид Аль-Хатер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү маселелери, ошондой эле тараптардын бизнес-делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар жогоруда талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоону макулдашышты.