Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы киши кармалды

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-майда К.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш У. аттуу жаран 13-майда саат 21:30дар чамасында Ч.Айтматов көчөсүнө жакын адам аз баскан жерге унаасын токтотуп, жашы жете элек кызына күч колдонуу менен ыдык көрсөткөнү жазылган.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 37 жаштагы Ш.У. аттуу адам кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киригизилген.

Ленин райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата СИЗО-1ге эки айлык мөөнөткө камоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Иликтөө иштери уланууда.