Тоң районунда менчикке берилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Күн-Чыгыш” бала бакчасы 1999-жылы мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Аталган социалдык обьектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, доо арыз сот органдары тарабынан толук канаттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 7 млн 53 миң сомду түзгөн бала бакчынын имараты, короо жайы менен муниципалдык менчикке — Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды.