
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, контейнерден чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түздү.

«Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган. Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери»,-деп айтылат маалыматта.