Акылбек Жапаров бүгүн Бишкектеги Дасмия ресторанына журналисттерди “тандап” чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Бишкектеги Дасмия ресторанына айрым журналисттери жолугушууга чакырганы белгилүү болду.

Акылбек Жапаров менен журналисттердин жолугушуусунун себеби азырынча белгисиз, жана ага баардык ММКнын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Ал эми Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилет турганын кабарлады.