
Үрүмчү—Бишкек авиакаттамы жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү—Бишкек—Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.
2022-жылдын 5-июлунда «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат.
Учуунун убактысы 2 саат.